Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов тиешелүү мекеме жетекчилери менен биргеликте Үч-Терек, Элмирбек Иманалиев айыл аймактарындагы кум-шагыл карьерин иштеткен ишкерлердин ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.
Кум-шагылды казып алууда мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, мамлекеттик органдардын кызматкерлерине жана айыл өкмөт башчыларына тиешелүү тапшырмаларды берди.




