Үй бүлөлүк зомбулуктардын, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу боюнча тегерек стол өттү

Э.Иманалиев, Үч-Терек айыл өкмөттөрүндө райондук мамлекеттик администрациянын, райондук прокуратуранын, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин жана аталган айыл өкмөттөрү тарабынан бекитилген үй бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу боюнча түзүлгөн жергиликтүү комитеттер, аялдар, жаштар кеңештеринин мүчөлөрү ж.б. айыл активисттеринин катышуусунда үй бүлөлүк зомбулуктардын, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу боюнча тегерек стол өттү.
Тегерек столдо үй бүлөлүк зомбулуктардын, өспүрүмдөр арасындагы жана өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштардын алдын алуу чаралары, бул багыттагы сунуш-пикирлер талкууланды.

Leave a Reply