1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Токтогул шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, майыптыгы бар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына өзгөчө көңүл бурулуп, майрамдык куттуктоолор уюштурулду.
Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров, Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн, Токтогул шаардык мэриясынын өкүлдөрү жана мекеме жетекчилери балдарды майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакубат жашоо, бактылуу балалык жана жаркын келечек каалашты.
