15-март – Аталар күнүнө карата майрамдык иш-чара белгиленди.
Иш-чара райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө өтүп, ага райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К.Аттокуров, ардактуу аталар жана шаар тургундары катышышты.
Иш-чарада маданият кызматкерлери тарабынан аталар жөнүндө сценка көрсөтүлүп, аталардын коомдогу орду, кадыр-баркы, таалим-тарбиясы жөнүндө баяндамалар, чыгармалар тартууланды. Ошондой эле келечек муунга татыктуу жана үлгүлүү тарбия берүүсү, аймактын өнүгүүсүнө салым кошкон аталар райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлундагы N 145 Мыйзамына ылайык жыл сайын 15-мартта Аталар күнү, ал эми май айынын 3-жекшембисинде Энелер күнү белгиленет.





и ещё 11
Все реакции:
Вы, Луиза Кенешбекова, Самара Абдуллаева и ещё 18