Торкен–Толук автоунаа жолунда асфальттоо иштери жүрүүдө
Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким У.О.Самаев Торкен–Толук автоунаа жолунда жүргүзүлүп жаткан асфальттоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Жолду асфальттоо иштери №23 жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда. Жалпы 5 чакырым жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт. Аким жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатына жана мөөнөтүндө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.





