2025-жылдын 13-мартында Токтогул райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан ведомстволор аралык биргелешкен өз ара кызматташууда жалпы билим берүүчү мекемелердеги жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын жана зордук-зомбулуктун (топтошуп мушташуу, рэкетчилик) жана эрте никеге туруунун, буллинг, кибербуллингдин алдын алуу максатында Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драм театры тарабынан даярдалган тарбиялык мааниси бар “Кыйылган өмүр” аттуу спектакли уюштурулду.
Аталган иш-чарага Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы, Токтогул районунун прокурору, Токтогул РИИБнын башчысы жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, ошондой эле Токтогул районунун жалпы 36 мектептин 8-9-10-11-класстардын окуучулары, мектеп уюштуруучулары жана ата-энелер комитеттери катышышты.