Бүгүн 26-май күнү Токтогул районундагы бардык орто мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаты белгиленди

Бүгүн 26-май күнү Токтогул районундагы бардык орто мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаты белгиленди.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев Кыргыз Республикаынын Жогорку Кеңешинин депутаты К. Сулайманов менен биргеликте Э.Иманалиев айыл аймагындагы N 31 К.Чодошев атындагы орто мектебинде белгиленген акыркы коңгуроо салтанатына катышты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Кундузбек Кошалиевич N31 К.Чодошев атындагы орто мектебине компьютер жана принтерлерди тапшырды.
Райондун акими А.Тюкебаев аталган мектептин бүтүрүүчүлөрүн жана мугалимдерди окуу жылынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.
Райондун аймагында 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны 1035, ал эми 9-класстын бүтүрүүчүлөрү 1932.

Leave a Reply