Чоң-Арык айылында “Машыгуу спорт залы”, “Эс алуу багы” жана “Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналган эстеликтин” ачылыш аземи болуп өттү

9-май – Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Чоң-Арык айылында “Машыгуу спорт залы”, “Эс алуу багы” жана “Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналган эстеликтин” ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев катышып, айыл тургундарын социалдык объектилердин пайдаланууга берилип жатканы менен куттуктап, демөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирип, сыйлыктарды тапшырды.
Иш-чарага райондогу мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл аксакалдары, айыл тургундары жана коноктор катышты.
Социалдык объектилер Республикалык бюджеттин, райондук өнүктүрүү фондусунун, жергиликтүү бюджеттин акча каражаттарынын эсебинен жана айыл тургундарынын салымы менен бүткөрүлдү.

Leave a Reply