Токтогул РИИБдин башчысы К.Искаков тиешелүү кызматкерлер менен биргеликте райондун аймагындагы эс алуу жайларынын ээлерине коомдук тартипти, коопсуздук, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү жана чет өлкөдөн келген туристтерге жана конокторго сылык мамиледе болууга чакырышты.




