Көтөрмө айылында “Улуу Ата Мекендик согушка Көтөрмө айылынан катышкан аталарга арналган эстеликтин” ачылыш аземи болуп өттү

9-май – Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Токтогул районунун Абды Суеркулов айыл аймагынын Көтөрмө айылында К.Чокоев атындагы орто мектебинде “Улуу Ата Мекендик согушка Көтөрмө айылынан катышкан аталарга арналган эстеликтин” ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров, А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкулов жана айыл тургундары катышты.
Эстелик жергиликтүү тургундардын демөөрчүлүгү менен жасалды.

Leave a Reply