Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 101 жылдыгына карата Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

1-ноябрь Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 101 жылдыгына карата Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А.Тюкебаев, райондук укук коргоо органдарынын жетекчилери жана ардагерлер катышты.
Ачылыш аземинде райондун акими А.А.Тюкебаев жаңы имараттын пайдаланууга берилиши ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча ишин мындан ары да жогорулатууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
Ошондой эле Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 101 жылдыгына карата, кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарып, райондун аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоого жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлерди Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотсы” менен сыйлады.

Leave a Reply