Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомун аткаруу иштери

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясында башчы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында Суу боюнча көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн райондук штабдын 2-отуруму болуп өттү. Отурумга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, райондук суу чарба башкармалыгынын башчылары, Жер ресурстар агенттигинин Токтогул филиалынын директору катышышты. Штабда райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 15-майындагы №286 буйругу менен райондун аймагындагы муниципалдык жана Суу пайдалануучулар ассоциацияларында (СПА) карамагындагы же кароосуз калган ички чарбалык ирригациялык системаларды тактоо, такталган ирригациялык системаларды мамлекеттик менчикке өткөрүү боюнча коюлган тапшырманын аткарылышы суралган. Штабда Н. Кожобергенов тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүлө турган ички чарбалык каналдардын маалыматтарын, актыларын 03.08.2024-ж. саат 16-00 го чейин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгана берүү тапшырмасы коюлду.

Leave a Reply