Жыйындын жүрүшүндө район акими тарабынан Токтогул шаарынын, айыл аймактардын тазалыгы, Чычкан капчыгайына электр энергиясын тартып барууга сметалык наркын эсептөө, кожагат сатуучуларга атайын жер аныктап шарт түзүү, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында камераларды орнотуу жана спорт тармагында олимпиадаларга балдарды даярдоону күчөтүү боюнча тиешелүү мекеме жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди.
Ошондой эле жыйында ар бир багыт боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланып, алдыдагы милдеттер такталды. Район башчысы тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.
Жыйынга шаар мэри, айыл өкмөт башчылары жана мекеме жетекчилери катышты.
