Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагындагы 2 га аянттагы муниципалдык мөмө-жемиш багынын абалын жеринен көрдү. Мындан сырткары, Саргата айылынын Садабай көчөсүнүн жашоочулары менен жолугушуп, кызыл сызыкка чыгып салынып калган королорун белгиленген сызыкка жылдыруу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен 1-июнга чейин мөөнөтү узартылды.




