Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү

2025-жылдын 23-октябрында Токтогул районунун прокуратурасынын демилгесинин негизинде төрагалык кылган райондук прокурору Б.Абыкеевдин катышуусу менен мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин, ички иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын, ошондой эле жаңы түзүлгөн Башкы прокуратура караштуу Токтогул райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда жолугушуу өткөрүлдү.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Президентинин 23.06.2025-жылдагы 187 сандуу “Кыргыз Республикасында аткаруу өндүрүшүнүн системасын жана сот аткаруучулардын ишин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, апробобациялык режимде берилген ыйгарым укуктарды колдонуудагы кемчиликтер жана алдыдагы негизги милдеттер талкууланды.
Иштин жүрүшүндө сот аткаруучулардын ишиндеги айрым кемчиликтер белгиленип, аларды жоюу боюнча ички иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иш алып баруу жагы белгиленди.
Жыйынтыгында сот ченемдеринин аткарылышын натыйжалуулугун жогорулатууга, мыйзамдуулуктун сакталышына жана адилеттүү түрдө аткарылуусу баса белгиленип, сот аткаруучулар кызматы жана башка мамлекеттин органдардын ортосунда өз ара тыгыз кызматташтык жана маалымат алмашуу механизми түзүлүшү зарыл экендиги белгиленди.

Leave a Reply