2025-жылдын 1-апрелинде райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү.
Жыйындын күн тартибинде:
1. “Жашыл мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында 2025-жылга пландалган иш аракеттердин жүрүшү;
2. Айлана-чөйрөнүн тазалыгы (3 айлык жарыялоо);
3. Укук бузуулардын алдын алуу, Коомдук алдын алуу борборлорунун ишмердүүлүгү;
4. Ар кандай каселелер (турак жайларды камсыздандыруу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, айыл аймактардын башкы пландарынын жасалуусу, жарандардын кайрылуулары) жөнүндө маселелер каралды.
Жыйынга укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери, шаар мэри жана айыл өкмөт башчылары катышты. Күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине протоколдук тапшырмалар берилди.


