Райондун аймагында “Энелер күнүнө” карата иш-чаралар өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Энелер күнүн белгилөө жөнүндөгү” N 93 Жарлыгына ылайык райондун аймагында “Энелер күнүн” белгилөө жөнүндө иш-чаралар планы иштелип чыгып, жер-жерлерде, айылдарда энелер күнү жогорку деңгээлде белгиленди. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан акча каражаттары бөлүнүп айылдар арасында энелердин катышуусунда сынактар өткөрүлдү. Энелерге арналган концерттик программалар тартууланды. Атайын жолугушуу кечелер, кыргыздын улуттук кийимдери боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.

Leave a Reply