«Түндүк» тиркемесинде жаңы кызмат жеткиликтүү — аты-жөнүн онлайн өзгөртүү!
Эми Кыргыз Республикасынын жарандары фамилияны, атты же атасынын атын (аты-жөнү) толугу менен онлайн түрүндө — түз эле «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу өзгөртүүгө арыз бере алышат! 


1. Кызматты тандоо.
2. Аты-жөнүн өзгөртүүгө негиз болгон күбөлүктүн түрүн тандоо.
3. Жаңы аты-жөнүн көрсөтүү.
4. Зарыл болгон маалыматтарды толтуруу.
5. Керек болсо жеткирүү түрүн тандоо.
6. Фотоидентификациядан өтүү.
7. Булуттук кол тамга аркылуу арызга кол коюу.
8. Жооп келгенден кийин төлөм жүргүзүү (MegaPay аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү бар).

Качан болбосун, кезексиз жана мамлекеттик органдарга барбай колдонууга болот! 


