Токтогул шаарынын эс алуу багында 7-апрель Элдик революциясын эскерүү иш-чарасы болуп өттү

Бүгүн, Токтогул шаарынын эс алуу багында 7-апрель Элдик революциясын эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө эс алуу багында апрель революциясынын баатыры А.Жанышбаевге орнотулган эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулуп, залп атылды. Райондогу Апрель революциясынын катышуучуларына жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүлдү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, апрель революциясынын катышуучулары,…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясынын отуруму болуп өттү

2-апрель 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясынын отуруму болуп өттү. Күн тартибинде: 1. Райондо 2024-жылы жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктарды көрүү жөнүндө; 2. А.Бердалиев атындагы N39 кесиптик лицейинин ишмердүүлүгү жана КР Президентинин Жарлыктарынын аткарылышынын абалы жөнүндө маселелер каралды. Аталган маселелер жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат кызматкерлери тарабынан маалыматтар берилип, талкууланды.…

Толук окуу…

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду

Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгүнүн жол жээктери, Токтогул шаарынын эс алуу паркы, баардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр, жол жээктери тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, айыл өкмөттөрдүн, шаардык мэриянын эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгарылууда.

Толук окуу…

Чычкан капчыгайындагы мыйзамсыз салынган курулуштар жана капчыгайдын тазалыгы жеринен каралды

28-март 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими А.А.Тюкебаев Токтогул шаарынын мэринин орун басары жана тиешелүү мекеме, ишканалардын жетекчилери менен бирге Чычкан капчыгайындагы мыйзамсыз салынган курулуштарды жана капчыгайдын тазалыгын жеринен карап чыкты. Жыйынтыгында жолдун жээгиндеги таштандыларды тазалоо, мыйзамсыз салынган курулуштарды алуу, тартипке салуу ж.б. тапшырмаларды Токтогул шаарынын мэринин орун басарына жана…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаевдин жарандарды жеке кабыл алуусу уюштурулду

Райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-акимдин жеке кабыл алуу графигине ылайык, 2024-жылдын 25-март күнү райондун тургундары жер, ишкерликти колдоо, жумушка орноштуруу боюнча көйгөйлүү маселелери менен кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга кеңештер берилди жана тиешелүү мекеме-ишканаларга тапшырмалар берилди. Башчы-акимдин жеке кабыл алуу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.

Толук окуу…

Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

21-мартта райондук маданият үйүндө Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, шаардык кеңештин төрагасы М.Борбугулов, аялдар кеңешинин төрайымы Э.Раманкулова майрамдык салтанаттын катышуучуларын Нооруз майрамы менен куттукташты. Салтанат майрамдык концерт менен уланды.

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев Токтогул шаарынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү

19-март 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев Токтогул районунун Токтогул шаарынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Жыйында 2023-жылы өткөрүлгөн элдик жыйындарда айтылган суроо-талаптардын негизинде кабыл алынган иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө маалымат берилди. Жыйында жарандар тарабынан айтылган электр энергиясы, таза суу, сугат суу, бала бакча ж.б. маселелер боюнча тиешелүү мекеме, ишканалардын жетекчилери…

Толук окуу…

Бириктирилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Токтогул районунда бириктирилген төмөндөгү айыл аймактарынын башчылары жана шаар мэри райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин буйругу менен дайындалышты: – Бириктирилген Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы кызмат ордуна Багымбаев Болот Тияншанович; – Бириктирилген Абды Сүйөркулов…

Толук окуу…

Райондогу багбандарга талаа семинары уюштурулду

2024-жылдын 9-март күнү Үч-Терек айыл аймагында райондогу алдыңкы багбандар, ишкелер үчүн бак өстүрүүнүн сырлары туурасында талаа семинары болуп өттү. Талаа семинарында башчы-аким А.Тюкебаев сөз сүйлөп, бак өстүрүү райондун приоритеттүү багыттарынын бир экендиги белгилеп, райондун багбандарын Өзбекстан Республикасынан келген эксперттер жана республикабыздагы алкыңкы агрономдор менен кызматташууга чакырды. Семинар жеке ишкер Н.Дойбулов…

Толук окуу…

8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

2024-жылдын 6-март күнү райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Аялдардын эл аралык майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага райондогу мекеме ишканалардын, айыл аймактардын айымдары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө район башчысы-аким А.Тюкебаев айымдарды келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктап, райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан даярдалган белектерди тапшырды. Майрамдык салтанатту иш-чара райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери…

Толук окуу…