2025-жылдын 29-апрелинде Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү.
Коллегиянын күн тартибинде:
2025-жылдын 3 айынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана милдеттери жөнүндө маселе каралды.
Аталган маселенин экономика тармагы боюнча Токтогул РМАнын экономика секторунун башчысы С.Абдуллаева, социалдык тармак боюнча Токтогул РМАнын башчы-акимдин орун басары К.Аттокуров маалымат берип, талкууланды.
Коллегиянын отуруму башталар алдында райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Ж.Момунбаев КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын “Мыкты кызматкер” төш белгиси, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары Ветеринардык кызматтынын “Алкыш” баракчасы менен сыйланышты.
Райондук мамлекеттик администрациясынын коллегия мүчөлөрү тарабынан күн тартибиндеги маселе боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдарга тапшырмалар берилип, аткаруу мөөнөттөрү белгиленип, токтом кабыл алынды.




