2025-жылдын 13-март күнү райондук мамлекеттик администрациясында Токтогул районунда чийки сүттүн базалык бааларын аныктоо боюнча жумушчу топтун отуруму өттү. Жумушчу топтун курамына райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, райондук ветеринардык башкармалыгынын, райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн, “Ля Вуа Лакте” сүттү кайра иштетүү ишканасынын, чийки сүттү чогултуу боюнча субъекттердин өкүлдөрү кирген. Чийки сүттүн базалык баалары аныкталгандан кийин, баалар монополияга каршы башкармалыгында бекитилет.



