Токтогул районунда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким У. О. Самаев укук коргоо органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Сары-Камыш жана Толук айыл аймактарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Элдик жыйындардын жүрүшүндө Сары-Камыш айыл аймагынын тургундары тарабынан жол, эскилиги жеткен электр мамычалары, тез жардам автоунаасы, грейдер, мечит жана башка маселелер боюнча көйгөйлөр көтөрүлдү.
Ал эми, Толук айыл аймагынын тургундары тарабынан жол, жер, сугат суу каналдары, жаңы оорукана куруу жана башка көйгөйлүү маселелер айтылды.
Көтөрүлгөн маселелер боюнча раймамадминистрация башчысы-аким У.О. Самаев, райондун прокурору Б.И.Абыкеев, Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. Байсабаев, Толук айыл өкмөтүнүн башчысы А.А. Асанов жана тиешелүү райондук мекемелердин жетекчилери тарабынан кеңири түшүндүрмөлөр берилип, мыйзам чегинде чечүү жолдору боюнча сунуштар айтылды.
Элдик жыйындардан кийин райондун акими Толук айыл аймагында курулуп жаткан Канаша атындагы орто мектебинин имараты менен жеринен таанышты.
