Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы менен 2025-жылдын 7-май күнү Токтогул районунун аймагында коомчулукка чыгып, сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу багытында сууга түшүүгө мүмкүн болбогон суу көлмөлөрдө, дарыяларда, каналдарда жана ж.б жерлерге түшүү кооптонуу жаратат жана “сууга түшүүгө мүмкүн эмес” деген жазуудагы эскертүү тактайчалары илинди. Ошондой эле ата-энелер жаш өспүрүмдөргө өзгөчө көңүл буруп өз алдынча сууга түшүүгө жана (поход) экскурсияга уруксат бербеңиздер жана өтө көңүл буруңуздар деген алдын алуу максатында иш-чаралар өткөрүлдү.




