Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким У.О.Самаев Торкен–Толук автоунаа жолунда жүргүзүлүп жаткан асфальттоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Жолду асфальттоо иштери №23 жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда. Жалпы 5 чакырым жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт.
Аким жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатына жана мөөнөтүндө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.
