Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.
Токтогул шаарындагы эс алуу багындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, согушта курман болгон жоокерлерге багышталып, куран окулуп, залп атылды.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев майрамдык салтанаттын катышуучуларын Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады.
Бул күнү райондун тургундары “Өлбөс полк” жүрүшүнө активдүү катышышты.
Көрүүчүлөргө N 7706 аскер бөлүгүнүн жоокерлери аскердик ыкмаларды көрсөтүштү, ал эми райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери патриоттук ырлары менен майрамдык маанай тартуулашты.




