2025-жылдын 29-апрелинде райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында Жалал-Абад облусунун казысы Жээнбеков Нематулла ажынын, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуровдун катышуусунда ысырапкорчулукка жол бербөө, тиешелүү документтери жок мечиттердин документтерин даярдоо боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга райондогу укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, райондун имамы жана айыл имамдары катышты.


