Токтогул районунун прокуратурасынын демилгеси менен райондук билим берүү бөлүмүнүн жыйындар залында райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуровдун жана райондун аймагында жайгашкан 40 мектептин директорлорунун катышуусунда “Жаш өспүрүмдөр арасында жана өспүрүмдөргө карата кылмыштуулуктун алдын алуу” ошондой эле алдыда келе жаткан акыркы коңгуроо боюнча жыйын өткөрүлдү.


