Назаркулов Алтыбай
Назаркулов Алтыбай (15. 8. 1931-жылытуулган, азыркы Жалал-Абад Облусттук, Токтогул району, Көөдүл айылы) – ветеринария илимдеринин доктору (1993), профессор (2000). КРдин эмгек сиңиргензоотехниги (1981), КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2006). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн (1953). Кыргыз ССРинин Айыл чарба министрлигинин башкы зоотехниги (1953-55), Ысык-Көл облусунун Тоң районунун башкы зоотехниги (1955-58), Ысык-Көл облусунун Балыкчы районундагы«Көк-Мойнок» совхозунун (1958-61), Ош облусунун Кара-Суу районундагы«Кат- та-Талдык» асыл тукум кой заводунун (1961-70) директору, Кыргыз мал чарба ИИИде бөлүм башчы (1971-2007), 2008-жылдан ошол институттун башкы илимий кызматкери. Негизги илимий багыты Түштүк Кыргызстанда өстүрүлгөн уяң жүндүү койлордун ички типтерин жакшыртуунун селекциялык жолдору, Кыргызстандын бийик тоолуу шартында койдун жүн жана эт азыктуулугун көбөйтүү жана башка боюнча 1995-2000-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы «Айкөл» кооператив чарбасында эт-май багытындагы койдун жаңы Айкөл тукумун чыгарган. 155тей илимий эмгектин, анын ичинде 3 окуу китептин, 12 монография жана патенттин автору. Эмгектери: Айкөл тобундагы кой. Б., 2003; Кой чарбасында өнөр жайлык аргындаштыруу. Б., 2005.