Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин жеке кабыл алуусу уюштурулду

Райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуу графигине ылайык уюштурулду. Райондун тургундары тарабынан сугат суу, бала бакчадагы кадр маселеси, айылдагы медицина жана турак жай салуу үчүн жер маселелер боюнча кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Башчы-акимдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн…

Толук окуу…

Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иш-чарасын жүргүзүүдө

Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы райондун айыл аймактарында жарандардын кооптуу жайларга сууга түшүүсүн, сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу жана өзгөчө жаш өспүрүмдөр сууга түшүүдө, жаратылышка эс алууда (экскурсияга) этият болуусу жөнүндө түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары чет өлкөлүк туристтерге сылык мамиледе болуу жөнүндө түшүндүрүү иш-чарасын жүргүздү.

Толук окуу…

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча тегерек стол болуп өттү

Райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдо Жалал-Абад аймактык Адвокатурасынын башкармалыгынын мүчөсү жана Жалал-Абад облустук “Справедливость” адам коргоо уюмунун өкүлү Б.Жапарова, юрист Э.Бакиров Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча консультация беришти. Тегерек столго Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары А.Нават…

Толук окуу…

Райондун аймагында “Энелер күнү” белгиленип, иш чаралар уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги “Кыргыз Республикасында Энелер күнүн белгилөө жөнүндөгү” №93 Жарлыгына райондун аймагында “Энелер күнү” белгиленип, иш чаралар уюштурулду. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан акча каражаттарыы бөлүнүп, Энелер күнүнө карата кароо-сынактар өткөрүлдү, концерттик программалар тартууланды жана энелерге белектер тапшырылды. Энелер күнүнө карата кыргыздын улуттук каада-салттары көргөзүлдү жана…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү

2024-жылдын 23-май күнү райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү. Күн тартибинде: – 25-май акыркы коңгуроо салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдө мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу жана алдын алуу чараларын көрүү боюнча маселе каралды. Жыйынга райондук ички иштер бөлүмүнүн, мекеме, ишканалардын жетекчилери, мэриянын аппарат жетекчиси, айыл өкмөт башчылары,…

Толук окуу…

Токтогул району боюнча ӨКБнүн кызматкерлери тарабынан өрттүк тактикалык машыгуу өткөрүлдү

Токтогул району боюнча ӨКБнүн кызматкерлери тарабынан N28 Т.Ормонбеков атындагы мектеп лицейине өрттүк тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Машыгуу учурунда биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана өрт коопсуздугун сактоо жана өрт өчүрүүчү каражаттар менен иштөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Толук окуу…

Акмат Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицейинде “Ачык эшиктер күнү” өттү

2024-жылдын 20-май күнү Акмат Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицейинде “Ачык эшиктер күнү” өттү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары А.Нават кызы, мектеп директорлору, ата-энелер жана 9-класстардын бүтүрүүчүлөрү катышты. Окуу жайдын өнөрканаларына экскурсия уюштурулуп, концерттик программа менен коштолду.

Толук окуу…

Токтогул районунун эркин күрөш боюнча машыктыруучуларынын жаркын элестерине арналган турнир болуп өттү

2024-жылдын 18-19-май күндөрү Токтогул шаарынын кичи футбол аянтында Токтогул районунун эркин күрөш боюнча машыктыруучуларынын жаркын элестерине арналган балдар жана өспүрүмдөр арасындагы турнир болуп өттү. Мелдешке Бишкек шаарынан, Ош, Талас, Жалал-Абад облустарынын райондорунан жана Андижан, Наманган шаарларынан (Өзбекистан Республикасы) 23кг салмактан 85кг салмак категорияларындагы балдар жана өспүрүмдөр катышышты. Иш чарага Кыргыз…

Толук окуу…

Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын, Аксы, Токтогул райондорунун шахматчылары арасында регионалдык турнир өткөрүлдү

2024-жылдын 18-май күнү Токтогул шаарындагы Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин залында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий –адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” №1 Жарлыгынын алкагында Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын, Аксы, Токтогул райондорунун шахматчылары арасында райондук шахмат федерациясынын уюштуруусу менен регионалдык турнир өткөрүлдү. Иш-чарага мектеп окуучулары жана пенсия жашындагы шахмат сүйүүчүлөрү…

Толук окуу…

Башчы-аким А.А.Тюкебаев 2024-жылдын 17-май күнү жаш спортсмен Абдрахманова Диананы кабыл алды

Токтогул шаарындагы Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу, райондук балдар спорт мектебинин катышуучусу Абдрахманова Диана 2024-жылдын 13-майынан 15-майына чейин Казакстан Республикасынын Актау шаарында жаштар жана өспүрүмдөр арасында өткөн “Самбо күрөшү” боюнча Азия биринчилигинде Кыргыз Республикасынын намысын коргоп, 25 мамлекет катышкан эл аралык мелдеште 2-орунга ээ болду. Район башчысы-аким А.А.Тюкебаев 2024-жылдын…

Толук окуу…