Толук айыл аймагынын Ноот айылында 3 сааттык бала бакча ачылды

2024-жылдын 30-декабрь күнү Толук айыл аймагынын Ноот айылындагы N25 М.Бекболотов орто мектебинин алдында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим” долбоорунун алкагында 3 сааттык бала бакча ачылды. Иш-чарага Токтогул РМАнын башчысы-акимдин орун басары А. Нават кызы, айыл өкмөт башчысы К.Аттокуров жана Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева катышты. 3…

Толук окуу…

Арал айылындагы “Кетмен-Дөбө” суусундуктары ишканасынын ишмердүүлүгү жеринен көрүлдү

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Токтогул шаарынын карамагынын Арал айылындагы “Кетмен-Дөбө” суусундуктары ишканасынын ишмердүүлүгүн жеринен көрүп, жеке ишкер Данияров Алымбекке ишкананы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча сунуштарын берди.

Толук окуу…

Акимдин жаңы жылдык балаты майрамы белгиленди

2024-жылдын 28-декабрь күнү № 1 Токтогул атындагы орто мектебинде Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаевдин балдарга арналган Жаңы жылдык балаты майрамы белгиленди. Майрамдык иш-чарага райондун аймагындагы социалдык колдоого муктаж балдар, билим берүү мекемелеринин алдыңкы окуучулары катышты. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, райондук…

Толук окуу…

Ничке-Сай айылында райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев эл менен жолугушуу өткөрдү

Э.Иманалиев айыл өкмөтүнүн Ничке-Сай айылында райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев эл менен жолугушуу өткөрдү. Элдик жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан жер, трансформатор, бала бакча маселелери көтөрүлдү. Райондун акими айтылган маселелердин чечүү жолдору жөнүндө түшүндүрмө берип, айыл өкмөттүн башчысына тиешелүү тапшырмаларды берди.

Толук окуу…

Чоң-Арык айылына өтүүчү көпүрөнүн жээгин бекемдөө иштеринин жүрүшү жеринен көзөмөлдөндү

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев КР ӨКМнин 2024-жылга атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-мерчемдин негизинде Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Чоң-Арык айылына өтүүчү көпүрөнүн жээгин бекемдөө иштеринин жүрүшүн жеринен көзөмөлдөдү.

Толук окуу…

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 315 чакырымдагы Нарын көпүрөсүнүн курулушунун долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү

Бүгүн, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 315 чакырымдагы Нарын көпүрөсүнүн курулушунун долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Коомдук угууда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү К.А. Мамаев долбоор боюнча маалымат берди. Коомдук угууга Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун…

Толук окуу…

Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына жана тоголок жетим балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылды

Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан Токтогул районунун аймагындагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына жана тоголок жетим балдарга атайын даярдалган жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Толук окуу…

Мазар-Суу айылындагы ФАП капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди

Айыл элинин саламаттыгына кам көрүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү максатында 2024-жылдын 23-декабрь күнү Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Мазар-Суу айылындагы ФАПтын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп пайдаланууга берилди. Ачылыш аземге Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Багымбаев, айыл аксакалдары жана айыл тургундары катышты. Мазар-Суу айылындагы…

Толук окуу…

Коомдук кабылдамада башчы-аким А.Тюкебаевдин жарандарды кабыл алуусу уюштурулду

Бүгүн, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду. Райондун тургундары тарабынан электр энергиясы, жер, пособие, бала бакча, жумуш менен камсыз кылуу жөнүндө маселелер менен кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Эскерте кетсек, Токтогул РМАнын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу ар…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаевдин энергетиктердин күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу энергетиктер! Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар – Энергетиктердин күнү менен куттуктайм! Энергетика тармагы эң маанилүү жана татаал тармактардын бири. Энергетиктердин күнүмдүк эмгегинен өнөр жай ишканаларынын жана айыл чарбасынын, социалдык чөйрөнүн объекттеринин иши көз каранды. Сиздердин билимиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр, иштин жогорку натыйжалуулугуна жетүүгө болгон аракетиңиздер өндүрүштүк маселелердин ийгиликтүү чечилишин шарттайт. Жылдын кайсы…

Толук окуу…