Веб сайттан издөө
Рубрикалар
-
Акыркы документтер
- 2025-жылдын 21-март күнү саат 10:00дө Токтогул шаарындагы автобекетте “Айыл чарба жана азык-түлүк” жарманкеси өткөрүлөт
- “Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөтүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү
- Элдик жыйындар уланууда
- “Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз коом” аттуу жаштар форуму болуп өттү
- Элдик жыйындар уланууда
Жаңылыктар календары
Коррупцияга каршы аракеттенүү
Ишеним телефону: 0(3747) 5-00-63
Материалдар архиви
Пайдалуу шилтемелер
Month: March 2025
“Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөтүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү

2025-жылдын 19-март күнү райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү тарабынан “Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөтүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Жыйынга райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, шаар мэри, мектеп директорлору, муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Элдик жыйындар уланууда

Элдик жыйындар уланууда Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери менен бирге Толук айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууда жергиликтүү тургундар тарабынан таза суу, жол, каналдар боюнча маселелер талкууланды. Элдик жыйындардын жыйынтыгы менен райондук мамлекеттик администрациянын иш-чаралар планы түзүлүп, аткарылышы көзөмөлгө алынат.
“Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз коом” аттуу жаштар форуму болуп өттү

Токтогул райондук маданият үйүнүн залында Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” 2021-жылдын 5-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык “Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз коом” аттуу жаштар форуму болуп өттү. Форумдун максаты – жаштар арасында кылмыштуулук, бангизат колдонуу, экстремизм, жол коопсуздугу, үй-бүлөлүк жана балдарга карата зомбулук,…
Элдик жыйындар уланууда

Элдик жыйындар уланууда Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери менен бирге Э.Иманалиев айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууда жергиликтүү тургундар тарабынан таза суу, жайыт, ички жолдор, орто мектептердин абалы жөнүндө маселелер талкууланды. Элдик жыйындардын жыйынтыгы менен райондук мамлекеттик администрациянын иш-чаралар планы түзүлүп, аткарылышы көзөмөлгө алынат.
Башчы-аким А.Тюкебаевдин жарандарды жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду

2025-жылдын 17-март күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду. Райондун тургундары жер, таза суу, материалдык жардам, электр энергиясы, айыл чарба маселелери менен кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Эскерте кетсек, Токтогул РМАнын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү…
Айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына, экономикалык жактан артыкчылыктуу субъектилерине конкурс жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 309 17-декабрь 2021-жылдагы жана № 494 2022-жыл 9-сентябрдагы токтомдорун КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2022-жылдагы 19-сентябрь № 329 буйругунун негизинде Айыл чарба министрлигинин тескөөсүнө өткөрүлгөн мамлекеттик фондунун жерлеринин 50 пайызы, Кетмен-Дөбө, Ничке-Сай, А.Суеркулов, Толук, Сары-Камыш жана Үч-Терек айыл өкмөттөрү…
Райондун аймагында ишембилик уюштурулду

Райондун аймагында ишембилик уюштурулду Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү, Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрү, мекеме, ишканалардын айланасы жана бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары жана райондун жашоочуларды тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын…
Кезектеги азык-түлүк жарманкеси өттү

Кезектеги азык-түлүк жарманкеси өттү 2025-жылдын 14-март күнү Токтогул районунун тургундарын арзан азык-түлүк продукциялары менен камсыз кылуу максатында Токтогул шаарындагы автобекетте азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Жарманкеде эт, сүт, жумуртка, бал, алма, картошка жана башка азыктары сатылды. Жарманке ар жуманын жума күндөрү Токтогул шаарынын автобекетинде уюштурулуп турат.
15-март – Аталар күнүнө карата майрамдык иш-чара белгиленди

15-март – Аталар күнүнө карата майрамдык иш-чара белгиленди. Иш-чара райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө өтүп, ага райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К.Аттокуров, ардактуу аталар жана шаар тургундары катышышты. Иш-чарада маданият кызматкерлери тарабынан аталар жөнүндө сценка көрсөтүлүп, аталардын коомдогу орду, кадыр-баркы, таалим-тарбиясы жөнүндө баяндамалар, чыгармалар тартууланды. Ошондой эле келечек муунга…