Токтогул шаарынын карамагындагы Арал айылында элдик жыйын уюштурулду

Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев райондогу укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Токтогул шаарынын тургундары менен жолугушту. Элдик жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан жол, жер, бала бакча, электр мамычалары, таза суу, жайыт, курулуп жаткан футбол аянтчанын сапаты боюнча көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Жогоруда аталган көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча раймамадминистрациясынын…

Толук окуу…

1-декабрь СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата мектептерде иш-чаралар өткөрүлүүдө

1-декабрь СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган акциянын алкагында райондун аймагындагы жалпы билим берүү мектептеринде спорттук мелдештер, тегерек столдор жана жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Толук окуу…

Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына карата жазуучу, драматург Качкынбай Керимбаевдин “Тотуя” драмасы көрүүчүлөргө тартууланды

Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына карата жазуучу, драматург Качкынбай Керимбаевдин Токтогул Сатылгановдун чыгармаларынын негизинде жазылган “Тотуя” драмасы райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан көрүүчүлөргө тартууланды. Иш чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев катышып, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөдө жана кыргыз элинин демократ-акыны Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына карата драматург…

Толук окуу…

Жол жээгиндеги мыйзамсыз жайгашкан жарнама тактайчалары алынууда

Бишкек-Ош автоунаа жолунун Токтогул райондук бөлүгүнүн жол жээгинде мыйзамсыз жайгашкан жарнама тактайчалары алынууда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылды 14-мартындагы №56 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 18-октябрындагы №6 Протоколдук тапшырмасын аткарууга алып, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдында комиссия түзүлгөн. Райондук комиссия тарабынан 2024-жылдын 25-ноябрынан…

Толук окуу…

1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата медицина кызматкерлери райондук мекеме, ишканалардын эмгек жамааттарына СПИД илдети боюнча лекция окушту жана слайд көргөзүшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Толук окуу…

Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктардын, эрте никеге туруунун алдын алуу максатында жыйындар өттү

Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктардын, эрте никеге туруунун алдын алуу максатында N 31 К.Чодошев, N 39 М.Жунусалиев атындагы орто мектептеринде жыйындар өттү. Жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери жана ата-энелер, окуучулар катышты. Жыйында ата-энелерге жана окуучуларга жогоруда…

Толук окуу…

“Кетмен-Төбө өрөөнүнүн бал-аарычылар биримдиги” коомдук бирикмесинин жыйыны болуп өттү

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында “Кетмен-Төбө өрөөнүнүн бал-аарычылар биримдиги” коомдук бирикмесинин жыйыны болуп өттү. Жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, райондогу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана коомдук бирикменин мүчөлөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө райондо бал сактоочу соода логистикалык борбор куруу үчүн жер тилкесин бөлүү, бал продукциясын ветеринардык башкармалыктын рээстрине…

Толук окуу…

Бүткүл дүйнөлүк диабет менен күрөшүү күнүнө карата калк арасында акция өткөрүлдү

2024-жылдын 25-ноябрь күнү Токтогул жалпы дарыгерлер практикалык борборунун “Ден соолукту чыңдоо кабинетинин” медицина кызматкерлери тарабынан бүткүл дүйнөлүк диабет менен күрөшүү күнүнө карата калк арасында акция өткөрүлдү. Медицина кызматкерлери калк арасында жугуштуу эмес ооруларды (кант диабети, кан басымы) алдын алуу максатында кандын курамындагы канттын деңгээлин жана кан басымын өлчөшүп, келген жарандарга…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду

2024-жылдын 25-ноябрь күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду. Райондун тургундары тарабынан жайыт, көмүрдүн баасы, муниципалдык базар, билим берүү, материалдык жардам, спорт мектебинин материалдык базасы боюнча маселелер менен кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Эскерте кетсек, Башчы-акимдин жеке кабыл…

Толук окуу…

Терек-Суу жана Чоң-Арык айылдарында жеке ишкерлик менен алектенген жарандарга ишкерлик жаатындагы ченемдик укуктук актылар боюнча түшүндүрмө жүргүзүлдү

Токтогул районунун прокуратурасынын демилгеси менен 2024-жылдын 23-ноябрь күнү райондун борборунан алыс жайгашкан Терек-Суу жана Чоң-Арык айылдарында жеке ишкерлик менен алектенген жарандар менен Токтогул райондук салык кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда жеринде таанышуу жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө”, “Ишкердик субьекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө”, “Укук…

Толук окуу…