“Үй-бүлөдөгү зомбулук, зомбулуктан сактоону жана коргоонү жүзөгө ашыруу” боюнча семинар өткөрүлдү

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “Үй-бүлөдөгү зомбулук, зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруу” боюнча маалыматтык семинар өткөрүлдү.
Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук прокуратуранын, Токтогул РИИБдин, жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү, пробациянын жана тиешелүү мекемелердин кызматкерлери катышты.
Окуу-семинары Кыргыз Республикасынын ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын демилгеси менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана Кыргыз Республикасындагы туруктуу өнөктөш Ф.Эберт атындагы фонддун каржылоосунда уюштурулду.
Анда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан өлкө боюнча катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын статистикасы жана зомбулуктун негизги келип чыгуунун негизги себептери айтылды. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүнү жакшыртуу макстаында мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр, жаңы иштөө ыкмалары жөнүндө кеңири маалымат берилип, видео роликтер жана слайддар аркылуу көрсөтүлдү.
Окуу-семинарда кызматкерлер жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү субьекттери укуктук сабаттуулугун жогорулатып, практикалык иш жүзүндө туш келген көйгөйлөрдү талкуулашты.

Leave a Reply