Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында райондун акими У.О.Самаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында райондун акими У.О.Самаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду. Райондун тургундары жер, жайыт жер, Кемпир-Өлдү каналынын проектиси, Курман айт намазын аянтта окуу, там талаш жана башка ар кандай маселелер менен кайрылышты. Райондун башчысы-аким У.О. Самаев тарабынан кайрылган жарандардын маселелерин чечүү боюнча түшүндүрмө берилип, аткарылышы…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Олжобаев, прокурордун жардамчысы А. Джакупов жана райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекторлору менен биргеликте район аймагындагы жалпы билим берүүчү мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Олжобаев, прокурордун жардамчысы А. Джакупов жана райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекторлору менен биргеликте район аймагындагы жалпы билим берүүчү мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү. Жыйында алдыда өткөрүлүүчү Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) жана “Акыркы коңгуроо”…

Толук окуу…

Токтогул районунда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким У. О. Самаев укук коргоо органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Токтогул шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү

Токтогул районунда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким У. О. Самаев укук коргоо органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Токтогул шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Элдик жыйындын жүрүшүндө шаар тургундар тарабынан ички жолдор, жер маселелери, бала бакча, көчөлөрдү жарыктандыруу, эс алуу багын иретке келтирүү, мал союлуучу жай, сугат суу, шаардын башкы планы, ошондой…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү.

Коллегиянын күн тартибинде: 2026-жылдын 3 айынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана милдеттери жөнүндө маселе каралды. Аталган маселенин экономика тармагы боюнча Токтогул РМАнын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Т. Асанов, социалдык тармак боюнча Токтогул РМАнын башчы-акимдин орун басары К.Аттокуров маалымат берип, талкууланды. Коллегиянын отуруму башталар алдында Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы…

Толук окуу…

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду

Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү, мекеме, ишканалардын жана коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгарылууда.  

Толук окуу…

“Коопсуз аймак – коопсуз өлкө” аталышындагы алдын алуу иш-чарасынын алкагында Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы тарабынан Токтогул районунун айыл аймактарында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жана диний уюмдардын өкүлдөрү катышты. Аталган иш-чаранын негизги максаты — коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук бузуулардын, жол кырсыктарынын, үй-бүлөлүк зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу. Түшүндүрүү иштери коомдук…

Толук окуу…

9-Май – Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы белгиленди

Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Б.Бактыбеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, ардагерлер жана шаар тургундары катышты. Майрамдык иш-чара “Өчпөс отко” гүлчамбар коюу, согушта курман болгондордун элесине багышталып куран окуу жана залп атуу менен башталды. Райондук аскер комиссариатынын, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, КР ИИМнин 7706 аскер бөлүгүнүн…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын, Токтогул РИИБдин, райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, Токтогул шаардык мэриясынын кызматкерлери тарабынан «Өспүрүм түн» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Өткөрүлгөн иш-чаранын негизги максаты — жаш өспүрүмдөрдүн түнкү убакта көчөлөрдө максатсыз жүрүшүнүн алдын алуу жана алардын ар кандай кылмыштарга же укук бузууларга кабылып кетүүсүнө жол бербөө болуп саналат. Бул иш-чара жаштардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын бош убактысын туура пайдаланууга багыт берүү жана коомдук тартипти сактоо максатында уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө түнкү…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев менен биргеликте Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу жалпы билим берүүчү мекемелерде текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептердеги суу ысытуучу жана газ толтуруучу жабдуулардын техникалык абалы каралып, коопсуздук талаптарына шайкештиги бааланды. Жыйынтыгында бир катар кемчиликтер аныкталып, аларды жоюу боюнча тиешелүү мекемелердин жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча эскертүүлөр айтылды.

Толук окуу…

Жылдын мыктылары аныкталды

Токтогул шаарындагы №2 Бөкөнбаев атындагы билим берүү мекемесинде Токтогул районунун аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин “Жылдын мыкты мугалими-2026”, “Жылдын мыкты тарбиячысы-2026” Республикалык конкурстарын өткөрүү жөнүндөгү Жоболорду бекитүү тууралуу 2023-жылдын   23-декабрындагы №703 токтомуна ылайык, Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн 2026-жылдын …

Толук окуу…