Токтогул шаарына караштуу Т.Казатов, Т.Тешебаев, И.Умаров, А.Иманбаев орто мектептеринде райондун акиминин орун басары К.Аттокуровдун, райондун прокурорунун жардамчысы Н.Ташманбетовдун, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлеринин жана ата-энелердин, окуучулардын катышуусунда жыйындар өттү.
Жогоруда аталган кызматкерлер тарабынан өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштуулуктун, өз өмүрүнө кол салуунун, эрте никеге туруунун, жол транспорт кырсыктарынын жана өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштардын, үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу максатында тиешелүү маалыматтар берилип, алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.