“Өз кан басымынды билип ал” акциясы өткөрүлдү

Токтогул ЖДПБнун ден соолукту чыңдоо кабинетинин медицина кызматкерлери калктын ден соолугуна кам көрүү жана акыркы убактарда көп катталган жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу максатында “Өз кан басымынды билип ал” акциясы өткөрүп жатышат. Медицина кызматкерлери Токтогул шаарындагы мекеме-ишканаларды кыдырып жана эл көп топтолгон жерлерге барышып жарандардын кан басымын өлчөп ден соолукка кам көрүү боюнча кеп кеңештерин берип жатышат.

Leave a Reply