Бүгүн, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясында Өзбекстан Республикасынын бал аарычылар ассоциациясынын башчысы Э.О. Назаров, орун басары А.Ж.Тошбоев, Туракургон районунун акиминин жардамчысы З.З. Абдуллаев, “Апекультура” фирмасынын директору А.А.Абдурахимов менен Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Токтогул тоо балын Өзбекстан Республикасына экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү, логистика борборун куруу, балды таӊгактоо, сапаттуу бал өндүрүү маселелери талкууланып, Кыргыз Республикасынын Аарычылар палатасы менен Өзбекстан Республикасынын бал-аарычылар ассоциациясынын ортосунда меморандумга кол коюлду.
Ошондой эле атайын уюштурулган жарманкеде Токтогул районунда өндүрүлгөн балдын түрлөрү көрсөтүлдү.