Токтогул районундагы №4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында танапис учурунда берилүүчү коңгуроо “Улуттук обондо” берилип жатат.
Улуттук коңгуроонун аппаратураларын сатып алып, орнотуу аталган мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү тарабынан каржыланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2023–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу боюнча “Жол картаны” бекитүү тууралуу токтому жетекчиликке алынып, райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 19-февралындагы №98 буйругу менен иш чаралар планы иштелип чыккан. Иш чаралар планына ылайык окуучулардын улуттук рухун жогорулатуу максатында райондун аймагындагы жалпы билим берүү мекемелерине коңгуроолорду улуттук обонго өзгөртүү сунуштары берилген.