55 үй-бүлөгө көмүр таркатылып берилди.

Кетмен-Дөбө айыл аймагында социалдык коргоого муктаж, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 55 үй-бүлөгө жалпы 20 тонна көмүр таркатылып берилди. Каржылоо жергиликтүү бюджеттен. Кара-Кече көмүр кенинен айыл өкмөтүнүн Ховасы менен ташылып келинди.

Толук окуу…

Токтогул шаарында жайгашкан мончо, мейманканалардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын протоколдук тапшырмасынын негизинде райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан комиссия түзүлүп, Токтогул шаарында жайгашкан мончо, мейманканалардын ээлерине интимдик кызмат көрсөтүүчү сойкулардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, катталган учурларда өз убагында укук коргоо органдарына маалымат берүү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертме баракчалары тапшырылды.

Толук окуу…

25-ноябрь – Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүнө, 10-декабрь – Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык күнүнө карата 16 күндүк кампаниянын алкагында иш чара уюштурулду.

25-ноябрь Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүнө, 10-декабрь Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык күнүнө карата 16 күндүк кампаниянын алкагында “Биригели! Аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга колдоо көрсөтөлү!” аталышында райондук мамлекеттик администрация тарабынан атайын иш-чара уюштурулду. Андан сырткары Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында “Зордук-зомбулукка жол жок!” аталышындагы жыйын…

Толук окуу…

Контролдук-кассалык аппарат боюнча соода түйүндөрүнүн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

КР Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул райондук башкармалыгынын кызматкерлери райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы менен биргеликте контролдук-кассалык аппарат боюнча соода түйүндөрүнүн ээлерине түшүндүрүү иш-чарасын жүргүзүшүүдө.

Толук окуу…