Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү. Жыйындын күн тартибинде: 1. 2024-жылдын 17-ноябрындагы Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоого карата, уюштуруу жана даярдык иштеринин жүрүшү; 2. Кышка даярдыктын жүрүшү; 3. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар…

Толук окуу…

Токтогул районунун аймагындагы көп балалуу энелерге сыйлыктар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-майындагы №117,118 Жарлыктарына ылайык райондун аймагында жашаган алты, жети жана андан ашык бала төрөп, жакшы тарбиялап өстүргөн көп балалуу энелер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы сыйлыктары менен сыйланышты. 2024-жылда “Баатыр эне” ордени менен көп балалуу 20 эне, “Эне даңкы” медалына…

Толук окуу…

1-октябрь – Эл аралык карылар күнү

Кадырман карыялар! Төрдүн көркү болгон ардактуу аталар жана апалар! Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү! Сиздерди бүгүнкү Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! “Карысы бардын ырысы бар”, „Карынын сөзүн капка сал“ деп кыргыздар эзелтеден бери кары адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкен. Ата – жөлөп турган тирек,…

Толук окуу…

Сел өтүүчү канал тазаланууда

Токтогул районунун А.Суеркулов айыл аймагынын Көтөрмө айылынын түндүк тарабындагы узундугу 1600 метр сел өтүүчү каналды тазалоо иштери башталды. КР ӨКМги тарабынан 1 даана экскаватор техникасы бөлүнгөн.

Толук окуу…

“Келечек үчүн билим” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакча ачылды

Бүгүн 2024-жылдын 30-сентябрында Токтогул шаарынын Жаңы-Жол айылындагы №9 И.Умаров атындагы жалпы билим берүү мекемесинин алдында “Келечек үчүн билим” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакча ачылды. Ачылыш аземине райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, эмгек ардагерлери жана ата-энелер катышты. Кыргыз Республикасынын Билим жана…

Толук окуу…

“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында убактылуу комиссиянын кезектеги отурумдары болуп өттү

Райондук мамлекеттик администрацияда “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында убактылуу комиссиянын кезектеги отурумдары болуп өттү. Отурумдарда Токтогул шаарынын, Кетмен-Дөбө, А.Суеркулов, Үч-Терек жана Э.Иманалиев айыл өкмөттөрүндө түзүлгөн социалдык маселелер боюнча комиссиянын кароосунан өткөн бизнес-долбоорлор убактылуу райондук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан каралды. Райондо 2024-жылы 450 үй бүлө “Социалдык келишимдин” негизинде 100 миң сомдон алып, түзүлгөн…

Толук окуу…

Ишкерлер күнү белгиленди

2024-жылдын 27-сентябрь күнү райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында ишкерлер күнү салтанаттуу белгиленди. Салтанаттуу жыйынга райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, мекеме, ишканалардын жетекчилери жана райондогу жеке ишкерлер катышышты. Өз сөзүндө райондун акими А.Тюкебаев ар бир жеке ишкер талыкпаган эмгеги менен жаңы чарбаларды түзүп, ар кыл тармактарда долбоорлорду ишке ашырып жатышканын белгилеп,…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын болуп өттү

Бүгүн, 2024-жылдын 26-сентябрь күнү райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын болуп өттү. Жыйындын күн тартибинде: 1. 2024-жылдын 17-ноябрындагы Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоого карата уюштуруу жана даярдык иштеринин жүрүшү; 2. Айыл чарба жумуштарынын абалы (оруп-жыйноо, күздүк эгин эгүү, күздүк сугат, жайыт); 3. Кышка даярдыктын жүрүшү; 4. Камсыздандыруунун абалы; 5. Кыргыз…

Толук окуу…

Кырсыктардан сактаналы!

Жыл сайын белгиленүүчү 5-октябрь кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнүн бир айлык иш-чаранын алкагында Токтогул району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү Эскертет!!! Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү өрт коопсуздугун сактоо боюнча үгүт-насаат иштерин жүргүзүү, район аймагында катталган өрт кырсыктарын жоюу менен бирге сел, жер көчкү сыяктуу табийгый кырсыктардын, жол-транспорт, жана башка түрдүү кырсыктардын кесепеттерин алдын…

Толук окуу…

Тапшырмалар берилди

2024-жылдын 23-сентябрь күнү райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов райондогу тиешелүү мекеме жетекчилерине чогулуш өткөрүп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн көлөмүн тактоо жана суу чарба объекттеринин абалына жараша суу ресурстары кызматынын тейлөөсүнө өткөрүүнү тездетүү тапшырмаларын берди.

Толук окуу…