“Секторлор аралык кызматташууну жакшыртуу” жумушчу кеңешмесинин отуруму өткөрүлдү
2025-жылдын 4-февралында райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында раймамадминистрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызынын жетекчилиги астында “Секторлор аралык кызматташууну жакшыртуу” жумушчу кеңешмесинин отуруму өткөрүлдү. Отурумга шаар мэринин орун басары, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин төрагалары, медицина мекемелеринин жетекчилери, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана айылдык ден соолук комитетинин төрайымдары катышышты.…