5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата

 2025-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №225-б буйругуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 15-сентябрындагы “5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө” №187-б буйругун аткаруу максатында, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 18-сентябрындагы №358-б “5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата бир…

Толук окуу…

Райондун акими А.А.Тюкебаев Токтогул шаарынын Таласбай кичи районунда салынуучу жаңы мектептин пайдубалын казуу иштеринин жүрүшүн жеринен көрдү.

Райондун акими А.А.Тюкебаев Токтогул шаарынын Таласбай кичи районунда салынуучу жаңы мектептин пайдубалын казуу иштеринин жүрүшүн жеринен көрдү. Ошондой эле, кызыл сызыктан чыгып курулган курулмаларды аныктап, ээлерине эскертүүлөрдү берип, мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу боюнча шаардык мэриянын, райондук архитектуранын тиешелүү кызматкерлерине тапшырмаларды берип, аткаруу мөөнөттөрүн белгиледи.

Толук окуу…

“Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана кам көрүү” аттуу бир айлык акция жарыяланып, иш-чаралар планы бекитилди

1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата райондун аймагындагы карыларды колдоо максатында 2025-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин өткөрүлө турган “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана кам көрүү” аттуу бир айлык акция жарыяланып, иш-чаралар планы бекитилген. Бекитилген иш-чаралар планына ылайык районжун аймагында 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата карыларга белек берүү, концерттик программа…

Толук окуу…

Алдамчылыкты алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү

Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы Токтогул районунун аймагында алдамчылыкты алдын алуу максатында район тургундарына, ашканалардын жана дүкөндөрдүн ээлерине түшүндүрүү иш-чарасын жүргүздү.

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К. Аттокуровдун төрагалыгында жыйын өттү

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуровдун төрагалыгы менен “Райондун аймагында калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Координациялык комиссиянын” жана “Райондук эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул чара көрүү комиссиясынын” отурумдары болуп өттү. Комиссиянын отурумуна райондук саламаттыкты сактоо мекемелеринин башчылары, медайымдар ҮДТ, ФАПтардын медицина кызматкерлери, райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү

Бүгүн башчы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов алдыдагы Токтогул районунда өтө турган атайын команда-штабдык машыгууга даярдыктарды көрүүдө райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Жарандык коргонуу кызматтары менен жыйын өткөрдү. Жыйынтыгында алдыдагы боло турган атайын машыгууну жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча бир нече тапшырмаларды берди.

Толук окуу…