Токтогул РИИБдин коомдук кабылдамасынын кызматкерлери тарабынан Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар жаап, ошондой эле Бишкек–Ош унаа жолунун кооптуу тилкелеринде кар көчкү түшүүсү күтүлүп жаткандыгына байланыштуу профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жолдо жүргөн айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө кышкы шартта унаа башкарууда коопсуздук эрежелерин так сактоо, ылдамдыкты чектөө, унаалардын техникалык абалын көзөмөлдөө, аралыкты сактоо жана жол кыймылынын эрежелерин бузбоо боюнча эскертүүлөр берилди. Аталган иш-чара жол-транспорт кырсыктарын алдын алууга, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого багытталган.

