Бүгүн Токтогул РИИБдин КККнын МАЫӨ жана ЖИИ кызматкерлери тарабынан райондун аймагында пиротехникалык каражаттарды колдонуу жана сатууну көзөмөлдөө боюнча профилактикалык иш-чара өткөрүлдү
Иш-чаранын жүрүшүндө райондун аймагында тез күйүүчү жана жарылуучу пиротехникалык каражаттарды сатуу жана колдонуу маселелери боюнча жарандарга жана сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле пиротехникалык каражаттарды сатууда мыйзам талаптарына ылайык, аларды 16 жаштан жогору жарандарга гана сатуу зарылдыгы эскертилди. Аталган иш-чаранын негизги максаты — жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, өрт кырсыктарынын жана…
