XVIII кылымдагы кыргыз башчыларынын бири Хан Садыр Арзымат уулунун элесине арналган эстеликтин расмий ачылышы болуп өттү

Бүгүн тарыхы терең, улуу мурасын урпактарына калтырган кыргыз элинин каарман уулу — колбашчы, баатыр, XVIII кылымдагы кыргыз башчыларынын бири Хан Садыр Арзымат уулунун элесине арналган эстеликтин расмий ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.К.Койчиев, Хан Садыр Арзымат уулунун 310 жылдыгын уюштуруу боюнча комитетинин төрагасы З.Базарбеков, Кыргыз Республикасынын Баатыры…

Толук окуу…

Райондун акими А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы бир катар объектилерди жеринен көрдү

Атап айтканда, №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинин кошумча корпусунун жана Чоң-Арык айылындагы бала бакчанын курулуш иштерин жеринен көрдү. Мындан сырткары Кара-Күнгөй каналын 2 чакырым 200 метр аралыкта бетондоо иштерине жеринен көрүп, айыл өкмөт башчысы Б.Багымбаевге бир катар тапшырмаларды берди.

Толук окуу…

Жаңы дайындоолор

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №705 Тескемеси менен Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары кызмат ордуна Асанов Аскат Таштемирович дайындалды. Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин №73 буйругу менен Токтогул шаарынын мэри кызмат ордуна Бактыбеков Бекмамат Бактыбекович дайындалды. Жаӊы дайындалган кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан “Гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” аталышындагы акцияны уюштуруу боюнча иш-чаралар планы бекитилген

Аталган акциянын алкагында райондук мамлекеттик администрациянын, райондук прокуратуранын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, Токтогул шаардык мэриясынын кызматкерлеринин, Токтогул райондук аялдар кеңешинин төрайымынын, Токтогул шаарынын имамынын жана Токтогул шаарындагы Токтогул, Ж.Бөкөнбаев, Т.Ормонбеков мектептеринин 8-11-класстарынын окуучу кыздарынын жана алардын ата-энелеринин катышуусунда райондук маданият үйүндө жыйын өттү. Жыйындын максаты –…

Толук окуу…

Токтогул районунда электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу жана “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптары боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Н. Аттокуров тиешелүү мекемелердин кызматкерлери менен Токтогул шаарындагы кафе-ресторандардын, тойканалардын, дүкөндөрдүн, эс алуу жайлардын ээлерине электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу жана “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле, райондун аймагындагы мамлекеттик мекемелердин, мектеп, бала бакчалардын, муниципалдык объектилеринде түнкү убактагы электр…

Толук окуу…

Райондо бетон заводунун расмий ачылыш аземи өттү

Бүгүн, Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын Күн тийбес участогунда жаңы бетон заводунун расмий ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш салтанатына Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, “Астория Групп” ЖЧКсынын жетекчиси, бетон заводунун башчысы Заяшников Станислав Юрьевич, райондук укук коргоо органдарынын жетекчилери, айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү тургундар катышты. Бетон заводу “Астория…

Толук окуу…