Ысырапкорчулукка жол бербөө, тиешелүү документтери жок мечиттердин документтерин даярдоо боюнча жыйын өткөрүлдү

2025-жылдын 29-апрелинде райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында Жалал-Абад облусунун казысы Жээнбеков Нематулла ажынын, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуровдун катышуусунда ысырапкорчулукка жол бербөө, тиешелүү документтери жок мечиттердин документтерин даярдоо боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйынга райондогу укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, райондун…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү

2025-жылдын 29-апрелинде Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү. Коллегиянын күн тартибинде: 2025-жылдын 3 айынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана милдеттери жөнүндө маселе каралды. Аталган маселенин экономика тармагы боюнча Токтогул РМАнын экономика секторунун башчысы С.Абдуллаева, социалдык тармак боюнча Токтогул РМАнын башчы-акимдин орун басары К.Аттокуров маалымат берип, талкууланды.…

Толук окуу…

Tunduk эскертет!

Tunduk эскертет! Урматтуу жарандар! Биз сиздин жеке маалыматтарыңызды коргоонун маанилүүлүгүн эске салгыбыз келет. Сак болуп, бейтааныш номерлер жана шектүү чалуулар менен өз ара аракеттенүү коркунучунан кабардар болуңуз. Билүү маанилүү: • Биздин кызматкерлер же система сизден эч качан коддорду, сырсөздөрдү же башка жеке маалыматты сурабайт, албетте эгерде сиз өзүңүз системада аракеттерди…

Толук окуу…

«Ден соолугуңузду текшериңиз» онлайн-сервисин ишке киргизилди

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновация министрлиги, “Түндүк” мамлекеттик мекемеси жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте «Ден соолугуңузду текшериңиз» онлайн-сервисин ишке киргизгенин жарыялайт. Бул сервис кан басым, холестерин, глюкоза деңгээли, жашоо образы сыяктуу негизги көрсөткүчтөрдү жана жакынкы 10 жылда инфаркт же инсульт болуу тобокелчилигин аныктоого жардам берет. Тесттен…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду

2025-жылдын 28-апрель күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду. Райондун тургундары реабилитациялык борбор куруу, чектен ашкан курулуштарды бузуу, турак жайга жер тилкесин алуу жана башка ар кандай маселелер менен кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Эскерте кетсек, Токтогул РМАнын…

Толук окуу…

Райондун аймагында “Жер энеге таазим” аталышында тазалык акциясы өттү.

Тазалык акциясынын жүрүшүндө Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрү жана А.Козубеков атындагы эс алуу паркы таштандыдан тазаланды. Акцияга райондогу мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары жана жалпы райондун жашоочулары катышышып, айлана-чөйрөнү санитардык тазалоо, бак-дарактарды актоо жана бак отургузуу иштерин жүргүзүштү. Мындан сырткары райондун айыл аймактарында ишембилик өткөрүлдү.

Толук окуу…

Чернобыль апааты эскерилди

Бүгүн Токтогул шаарындагы “Азимкан” эс алуу багында Чернобыль апаатынын 39 жылдыгына карата эскерүү иш чарасы болуп өттү. Ага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими А.Тюкебаев жана мекеме, ишканалардын жетекчилери, Чернобыль апаатынын катышуучулары катышышты. Авариянын кесепетин жоюуга Токтогул районунан 28 адам катышып, алардын ичинен 7 адам келгенден кийинки мезгилдерде каза болгон. Азыркы…

Толук окуу…

Сары-Сөгөт айылында “Келечек үчүн билим берүү” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакча ачылды

А.Суеркулов айыл аймагынын Сары-Сөгөт айылында “Келечек үчүн билим берүү” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакча ачылды. Бала бакчанын ачылуу аземине райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К.Аттокуров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, айыл өкмөт башчысы Ө.Жаманкулов, Калем лидер академиясынын негиздөөчүсү Мамбетасан Ибраев жана жергиликтүү тургундар катышты. Дүйнөлүк банк тарабынан…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А.Тюкебаев жаш спортсмен Абдрахманова Диананы кабыл алды

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А.Тюкебаев Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында жаштар жана өспүрүмдөр арасында өткөн “Самбо күрөшү” боюнча Азия биринчилигинде Кыргыз Республикасынын намысын коргоп, эл аралык мелдеште Кыргыз Республикасынын желегин желбиретип, 2-орунду ээлеп күмүш медалга татыктуу болгон жаш спортсмен Абдрахманова Диананы кабыл алып, спорт чөйрөсүндөгү жетишкендиктери менен таанышып, ийгиликтерди каалады.

Толук окуу…

Ак таңдай акын, обончу, дастанчы, актёр Элмирбек Иманалиевдин айкелин ачуу иш-чарасы болуп өттү

Токтогул шаарынын борбордук аянтында 2025-жылдын 20-апрель күнү төгөрөгү төп келген жорго, көп кырдуу талант ээси — ак таңдай акын, обончу, дастанчы, актёр Элмирбек Иманалиевдин айкелин ачуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Сулайманов, акындын чыгармачылык жолундагы үзөңгүлөшү, замандашы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М. Самыйкожо уулу, Токтогул…

Толук окуу…