“Камбар-Ата” ГЭСнин аймагында бетон жана ташты майдалоочу завод ишке берилди

“Камбар-Ата” ГЭСнин аймагында бетон жана ташты майдалоочу завод ишке берилди. Токтогул районунун “Камбар-Ата” ГЭСнин аймагында бетон жана ташты майдалоочу заводдун ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаты К.Сулайманов, КР Энергетика министри Т.Ибраев, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев жана коноктор катышты.

Толук окуу…

Токтогул милициясы алдын алуу иштерин жүргүзүштү

Токтогул РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдама унаасы менен жашы жете электердин коопсуздун камсыздоо жана бөөдө кырсыктарын ошондой эле май айындагы майрамдарда жашы жете электер өз алдынча жаратылышка эс алууларга чыгуусуна бөгөт коюу максатында рейдтик иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө суунун жээгинде эс алып жаткандарга балдарына болгон көзөмөлдү күчөтүүсү боюнча эскертилди.

Толук окуу…

Токтогул шаарынын Кызыл-Туу айылынын Конушбай-Ата көчөсүн асфальттоо иштерине тиешелүү даярдыктар жүрүүдө

Токтогул шаарынын Кызыл-Туу айылынын Конушбай-Ата көчөсүн асфальттоо иштерине тиешелүү даярдыктар жүрүүдө.

Толук окуу…

1-май – Эмгекчилердин майрамына карата А.Суеркулов айыл аймагындагы Жаңы-Арык каналы пайдаланууга берилди

1-май – Эмгекчилердин майрамына карата А.Суеркулов айыл аймагындагы Жаңы-Арык каналы пайдаланууга берилди. Жаңы-Арык каналын пайдаланууга берүү иш-чарасына райондук маслекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айыл аксакалдары катышты. Жаңы-Арык каналы “Атайын Эсеп” мамлекеттик мекемеси тарабынан подрядтык мекеме “Грейд” ЖЧКсы тарабынан жасалды. Каналды куруу иштеринин 1-этабында демонтаж жер…

Толук окуу…

Чоң-Арык айылында “Машыгуу спорт залы”, “Эс алуу багы” жана “Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналган эстеликтин” ачылыш аземи болуп өттү

9-май – Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Чоң-Арык айылында “Машыгуу спорт залы”, “Эс алуу багы” жана “Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналган эстеликтин” ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев катышып, айыл тургундарын социалдык объектилердин пайдаланууга берилип жатканы…

Толук окуу…

«Түндүк» тиркемесинде жаңы кызмат жеткиликтүү — аты-жөнүн онлайн өзгөртүү!

«Түндүк» тиркемесинде жаңы кызмат жеткиликтүү — аты-жөнүн онлайн өзгөртүү! Эми Кыргыз Республикасынын жарандары фамилияны, атты же атасынын атын (аты-жөнү) толугу менен онлайн түрүндө — түз эле «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу өзгөртүүгө арыз бере алышат! Арыз берүү тартиби: 1. Кызматты тандоо. 2. Аты-жөнүн өзгөртүүгө негиз болгон күбөлүктүн түрүн тандоо. 3. Жаңы…

Толук окуу…

Ысырапкорчулукка жол бербөө, тиешелүү документтери жок мечиттердин документтерин даярдоо боюнча жыйын өткөрүлдү

2025-жылдын 29-апрелинде райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында Жалал-Абад облусунун казысы Жээнбеков Нематулла ажынын, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуровдун катышуусунда ысырапкорчулукка жол бербөө, тиешелүү документтери жок мечиттердин документтерин даярдоо боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйынга райондогу укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, райондун…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү

2025-жылдын 29-апрелинде Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү. Коллегиянын күн тартибинде: 2025-жылдын 3 айынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана милдеттери жөнүндө маселе каралды. Аталган маселенин экономика тармагы боюнча Токтогул РМАнын экономика секторунун башчысы С.Абдуллаева, социалдык тармак боюнча Токтогул РМАнын башчы-акимдин орун басары К.Аттокуров маалымат берип, талкууланды.…

Толук окуу…

Tunduk эскертет!

Tunduk эскертет! Урматтуу жарандар! Биз сиздин жеке маалыматтарыңызды коргоонун маанилүүлүгүн эске салгыбыз келет. Сак болуп, бейтааныш номерлер жана шектүү чалуулар менен өз ара аракеттенүү коркунучунан кабардар болуңуз. Билүү маанилүү: • Биздин кызматкерлер же система сизден эч качан коддорду, сырсөздөрдү же башка жеке маалыматты сурабайт, албетте эгерде сиз өзүңүз системада аракеттерди…

Толук окуу…

«Ден соолугуңузду текшериңиз» онлайн-сервисин ишке киргизилди

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновация министрлиги, “Түндүк” мамлекеттик мекемеси жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте «Ден соолугуңузду текшериңиз» онлайн-сервисин ишке киргизгенин жарыялайт. Бул сервис кан басым, холестерин, глюкоза деңгээли, жашоо образы сыяктуу негизги көрсөткүчтөрдү жана жакынкы 10 жылда инфаркт же инсульт болуу тобокелчилигин аныктоого жардам берет. Тесттен…

Толук окуу…