Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду

Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү жана бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгарылууда.  

Толук окуу…

«Токтогул Дестинация» коомдук бирикмеси «СЕДЕП» долбоорунун колдоосу менен Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи залында «Туруктуу туризм жана санариптик маркетинг» аттуу окутуу-тренинг өткөрдү

Иш-чаранын максаты — жергиликтүү туризм тармагынын потенциалын жогорулатуу, ишкерлердин билим жана көндүмдөрүн өркүндөтүү, ошондой эле тармактын катышуучуларынын ортосунда кызматташтыкты күчөтүү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К.Аттокуров, Токтогул районунун аймагында туризм багытында иш алып барган ишкерлер, туристтик кызмат көрсөтүүчүлөр катышышып, тиешелүү маалыматтарды алышты.

Толук окуу…

Токтогул районунда электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча түзүлгөн комиссиясы район аймагында кышкы мезгилде электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүздү. Комиссиянын төрагасы райондун башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров, комиссия мүчөсү райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги К.Искаков жана тиешелүү мекеме жетекчилер тарабынан…

Толук окуу…

Райондун акими Акылбек Алиякунович Үч-Терек, А.Суеркулов айыл аймактарындагы бир катар объектилерди жеринен көрдү

А.Суеркулов айыл айымагындагы №27 А.Мамыров атындагы орто мектебинин имаратынын курулуш иштеринин жүрүшүнүн абалын жеринен көрдү. Мындан тышкары, Үч-Терек айыл аймагындагы Осмон-Ата сугат суу каналынын, Үч-Терек айылындагы 3 чакырым тротуардын курулушун, “Бактыкан апа” атындагы 75 орундуу бала бакчанын жаӊы имаратынын пайдубалын казуу иштерин жана Саргата айылындагы сел өтүүчү каналдардын, көпүрөлөрдү абалын…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиясынын отуруму болуп өттү

Коллегиянын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды: 1. Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 4-августундагы №6-кт токтомунун аткарылышы; 2. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана алдыдагы милдеттери; 3. Ченемдик-укуктук актыларды жана жогорку органдардан түшкөн иш кагаздарын аткаруу, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби боюнча КР Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары,…

Толук окуу…

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев шаар, айыл аймактардан Кезектеги IV Элдик Курултайга шайланган 13 делегат менен жолугушту.

Жолугушуу жыйынын жүрүшүндө Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттары тарабынан райондогу көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, аларды чечүү жолдору талкууланып, делегаттардын суроолоруна райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев тарабынан жооптор берилди.  

Толук окуу…

Коррупцияны алдын алуу, шайлоо боюнча түшүндүрүү-профилактикалык иштери жана ФАП, ГСВлардын жалпы ишмердүүлүгүн текшерүү иштери уланууда

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ө.Мадылбаев, Токтогул ЖДПБнын инфекциялык көзөмөл бөлүмүнүн врачы К.Бургуева менен бирге Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу жалпы билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде коррупцияны алдын алуу, шайлоо боюнча түшүндүрүү-профилактикалык иштери жана ФАП, ГСВлардын жалпы ишмердүүлүгүн текшерүү…

Толук окуу…

Урматтуу Токтогул районунун тургундары!

2025-жылдын 7-ноябрь күнү саат 10:00дө Токтогул шаарынын борбордук аянтында “Айыл чарба жана азык-түлүк” жарманкеси өткөрүлөт. Жарманкеге райондун тургундарын жана дыйкан-фермерлерди активдүү катышууга чакырабыз. Сурап билүү байланыш номери 0707787736. Азык-түлүк жарманкеси Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен уюштурулууда.

Толук окуу…

Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын болуп өттү

Жыйында төмөнкү маселелер каралды: 1. Күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшүнүн абалы; 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүнө карата райондун аймагындагы УШКлардын даярдыгы. Жыйындын жүрүшүндө район акими электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланыштуу талапкерлердин үгүт иштерине…

Толук окуу…