Кезектеги азык-түлүк жарманкеси өттү

Кезектеги азык-түлүк жарманкеси өттү 2025-жылдын 14-март күнү Токтогул районунун тургундарын арзан азык-түлүк продукциялары менен камсыз кылуу максатында Токтогул шаарындагы автобекетте азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Жарманкеде эт, сүт, жумуртка, бал, алма, картошка жана башка азыктары сатылды. Жарманке ар жуманын жума күндөрү Токтогул шаарынын автобекетинде уюштурулуп турат.