Райондун аймагында кылмыштуулукту болтурбоо максатында “Селсаяк” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү

Райондун аймагында кылмыштуулукту, укук бузуучулукту алдын алуу жана жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштарды болтурбоо максатында “Селсаяк” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Токтогул РИИБдин, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери менен биргеликте рейд уюштурулуп, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Толук окуу…

Райондун аймагында түнкү рейддер улантылууда

Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери менен биргеликте райондун айыл аймактарында ар кандай кылмыштуулукту, укук бузууларды, жол транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында түнкү рейддерди жүргүзүүдө.

Толук окуу…

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” кол коюлган мыйзамы боюнча жыйын өттү

2025-жылдын 13-январь күнү райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” кол коюлган мыйзамы боюнча жыйын өтүп, мекеме ишканаларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар берилди. Жыйынга райондогу укук коргоо органдарынын, мекеме, ишкана уюмдарынын…

Толук окуу…

Токтогул шаарынын Жаңы-Жол айылында жаңы бала бакчанын имараты пайдаланууга берилди

Токтогул шаарынын Жаңы-Жол айылында жаңы бала бакчанын имараты пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Э.Апит уулу, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, Жаңы-Жол айылынын тургундары катышты. Аталган бала бакча 50 орунга ылайыкталып, тиешелүү жабдыктар менен камсыздалды. Бала бакчага Токтогул шаардык мэриясынын бюджетинен,…

Толук окуу…